НАТОнун билдиришинче, аскер жолго коюлган бомбага кабылып өлгөн. Шаршемби күнү Ооганстандын түштүгүндө козголоңчулардын капылет чабуулу учурунда НАТОлук бир жоокер окко учкан. Май айынын башынан бери Ооган жериндеги НАТО башындагы күчтөр сегиз жоокеринен ажырады.