Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Нарында облустук шайлоо комиссиясынын жетекчисин жемеге алышууда


Нарын шаардык координациялык кеңештин төрагасынын орун басары Асыл Жаманова Убактылуу өкмөткө Нарын облусттук шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрам Тиленчиеваны жумуштан алуу боюнча кайрылды. Ал арызында М. Тиленчиева баш болгон мурдагы облустук шайлоо комиссиясынын курамын акыркы президенттик шайлоону бурмалап өткөргөн деген кине коюуда. Майрам Тиленчиева өз кезегинде 2009-жылы беш жылга шайланганын, учурда мурдагы курам иштеп жаткандыгын, райондук шайлоо комиссиялары 13-майда бекиле тургандыктарын билдирди.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” биримдигинин Нарын району боюнча координатору Адилет Эшенов 2009-жылдын 27- июнунда президенттик шайлоодо Нарын районундагы жети участоктон эле талапкер А.Атамбаевден 846 добуш уурдалып, К.Бакиевге 248 добуш кошулуп калганы жөнүндө арызын М. Тиленчиева кабыл албай койгонун билдирген. (JI)

XS
SM
MD
LG