Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Жо Байден: АКШ жана Европанын глобалдык кызыкчылыктары бир


АКШ вице-президенти Жо Байден бүгүн Европарламентте сүйлөп, АКШ жана Европа азыр бири-бирине мурда болуп көрбөгөндөй муктаж экенин айтып, АКШ жана Европаны “глобалдык кызыкчылыктар бекем бириктирип турат” деди:

- Азыркы жүз жылдык үчүн өткөн XX кылымдагыдан кем эмес алкынган коркунучтар бар. Биз аларды чогуу, чогуу гана бир бирден ордуна койобуз. Алар татаал. Ортодо келишпестиктер болушу этимал. Анткен менен биз аларды бирге жеңебиз.

Байден өз сөзүндө Ирандын ядролук программасы дүйнөнүн бейстабилдүү бөлүгүн жарыша куралданууга түрткөнүн да белгилей кетти.

АКШ вице-президенти Европадагы сапары кезинде НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен, Европа Союзунун төрагасы Герман ван Ромпей менен да жолугушат.

XS
SM
MD
LG