Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Түштүк Кореянын дарыгерлери жардам көрсөтүүгө даяр


Бул тууралуу Кыргызстандын Сеулдагы элчилигинен кабарлашты. Кечээ Кыргызстанга Түштүк Кореядан гуманитардык жардамга дары-дармектер келди. Отуз миң долларлык бул жардам апрель окуяларында жабыркагандар дарыланып жаткан ооруканаларга жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, бул Түштүк Кореядан келген алгачкы жүк жана аталган өлкөдөгү медицианылык мекеме-бирикмелер дагы гуманитардык жардам көрсөтөт. Түштүк Кореядан буга чейин да жогорку даражадагы алты медик келип апрель окуяларында жабыркагандарга жардам көрсөткөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG