Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:09

Апрель окуяларында абактагылар сыртка чыгып кеткен эмес


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Таалай Нуралиев билдирди. Бүгүн абактарда абал тынч экенин, кандай саясий кырдаал болсо да аталган башкармалык өз милдетин так аткарып жатканын айтты. Башкармалыкта айрым кызматкерлер жана мурда иштеп кызматтан бошотулгандар, ардактуу эс алууга чыккандар Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын ишине кедерги болуп жатканын, алар менен сүйлөшүп маселе чечилгенин маалымдады. Апрель айынын этегинде Жаза өтөө башкармалыгынын жүздөй кызматкери Т. Нуралиевдин кызматка кайр дайындалганына нааразы болуп акцияга чыгышкан. Расмий маалымат боюнча азыр абактарда бир жарым миңге жакын адам кармалып турат. (EBM)

XS
SM
MD
LG