Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

Бакиевдердин мыйзамсыз акчаларын издөөгө АКШ жардам берет


Мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарынын өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кеткен акчаларын издөөгө АКШнын борбордук каржы органы жардам берерин каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, АКШ президентинин жардамчысы Майкл Макфол менен жолугушууда мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын тууган-уруктарынын чет өлкөдөгү банктардагы эсептерин аныктоого жардам берүү тууралуу өтүнүч эске салды. АКШнын Кыргызстандагы элчиси бул жаатта чогуу кызматташуу үчүн аталган элчиликке расмий кайрылуу керектигин айтты. Т. Сариев Тышкы иштер министрлиги, Башкы прокуроратура жана Финансылык чалгындоо кызматы тиешелүү документти даярдап жатканын, ал документ бүгүн АКШ элчилигине тапшырылат, деп маалымдады. Убактылуу өкмөт мурунку президент К. Бакиев жана анын жакындарынын айынан келген чыгым миллиарддаган долларды түзүшү мүмкүн, деп билдирүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG