Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Ф.Кулов Коомдук коопсуздук кеңешти жетектейт


Бүгүн бир катар жарандык коом өкүлдөрү “Ар Намыс” партиясынын төрагасы Феликс Кулов башындагы Коомдук коопсуздук кеңешин түптөө чакырыгы менен чыкты. Аялдардын талкуу клубунун өкүлү Динара Айткулова “17-майда митинг болуп, анда чагымчылык орун берилет” деген айың-кептерден кийин чочулаган бир катар жарандык коом өкүлдөрү Феликс Куловго Коомдук коопсуздук кеңешин жетектеп берүү өтүнүчү менен кайрылганын билдирди. “Үмүт белекте” коомдук уюумунун өкүлү Никита Идирисов бүгүнкү маалымат жыйынында Кеңеш саясаттан тыш иш алып бараарын айтып, убактылуу өкмөт, ИИМге колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Кеңеш бир жарым ай ичинде түптөлүп, бардык кошуундардын башын бириктирип борбордоштурулган негизге өтөөрү белгиленип жатат. “Ар Намыс” партиясынын төрагасы бул сунуштан баш тарткан эмес. (EK)

XS
SM
MD
LG