Бул тууралуу убактылуу өкмөттүн бүгүнкү жыйынында социалдык тармакты көзөмөлдөгөн Элмира Ибраимова билдирди. Журналистикага кошкон барандуу салымы үчүн маркум журналист Геннадий Павлюктун үй-бүлөсүнө акчалай жардам көрсөтүүгө убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тегиз макулдугун беришкен. Ибраимованын жардамчысы Канат Аскаровдун “Азаттыкка” билдиришинче убактылуу өкмөттүн бул тууралуу токтому даяр болуп калды.
Кыргызстандык журналист Г. Павлюк 2009-жылдын этегинде Алматыда белгисиз жагдайда киши колдуу болгон. Оппозициялык күчтөр анын өлүмүн журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатышат. (EK)
Кыргызстандык журналист Г. Павлюк 2009-жылдын этегинде Алматыда белгисиз жагдайда киши колдуу болгон. Оппозициялык күчтөр анын өлүмүн журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатышат. (EK)