Орусия президенти Медведев: “Сталин өз элине каршы абдан олуттуу кылмыштар жасаган. Күч үрөй иштеп, анын жетекчилиги астында өлкө көптөгөн ийгиликтерге жетишкени менен, анын өз элине каршы кыянат иштерине кечирим жок, - деп белгиледи. Москвалык “Известия” гезитине Улуу жеңиш майрамына арнап берген маегинде президент Медведев Сталиндин тушунда адам укуктары менен эркиндиктер тепсендиде калып, катаал тоталитардык режим орногон деп айтты.