Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Ош шаардык кеңешинин депутаттары баш мыйзамдын долбооруна каршы чыкты


Ош шаардык кеңешинен билдиришкендей, калаа депутаттары кыргыз парламентинин жарымы партиялык тизме менен түзүлүшүн, калгандары бир мандаттуу округдардан шайланышын талап кылышты. Алар мындай эреже орнобосо, өлкөдө аймактардын кызыкчылыгы көңүл сыртында калаарын белгилешти.

Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев мындай пикирге каршылыгын билдирди. Анын оюнча, парламенттик башкаруунун тушунда жалгыз партиянын үстөмдүгүнө жол берилбейт. Ошол эле учурда үч пайыздан ашыгараак добуш топтогон саясий уюмдарга Жогорку Кеңештен орун берүү жагы да караштырылууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG