Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Убактылуу өкмөт төрайымы Р. Отунбаева Москвага кетти


Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган мааракеге катышуу үчүн кеткен төрайым Отунбаева жетекчилик кылган топто убактылуу өкмөттүн администрация жетекчиси Эдил Байсалов, Улуттук теле-радио компаниясынын башкы директору Кубат Оторбаев, "Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору Абдувахаб Мониев жана "Мир" телеканалынын өкүлү да бар. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат борборунун жееткчиси Фарид Ниязов “Азаттыкка” билдирди.

Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаеванын Москвада Орусия президенти Дмитрий Медведев жана башка орусиялык бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулары болору күтүлүүдө. (GA)

XS
SM
MD
LG