Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Жалал-Абадда Баш мыйзам талкуусу талашка түштү


Талкууну облустагы жарандык коомду колдоо борбору уюштурду. Ага саясий-коомдук, бейөкмөт, өзүн өзү башкаруу уюмдары менен улуттук борборлордун өкүлдөрү катышты. Алар Баш мыйзам долбоорунда өлкөнү аныктаган беренелер туура эмес которулганын белгилешти. Мамлекеттик жана расмий тил жаатында талаш болду. Мамлекеттик тилди Кыргызстанда жашаган ар бир улут билүүгө милдеттүү деген сунушка орус тилин да мамлекеттик же улуттар аралык тил деп атоону каалагандар каршы чыкты. Президентти 3 жылдан 7 жылга дейре шайлоо, ал үчүн 30 миңден 50 миңге чейин кол топтоо жана талапкерлиги элдик курултайда көрсөтүлгөн 28 жаштан 65 жашка чейинки, “ант бузса элдин каргышы тийсин” деп шерт алган президент болсун деген сунуштар айтылды. (YA)

XS
SM
MD
LG