Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

ЖТР журналисттери иш таштоосун улантууда


Иш таштаган журналисттер менен бүгүн Жалал-Абад облбийлигинин атайын комиссиясы сүйлөштү. Комиссия нааразылык акциясын “саботаж” деп баалап, иш таштагандарды талаптарды орундатууга убакыт берүүгө жана техникалык каражаттарды иштетип, теле көрсөтүүнү токтотпоого чакырды. Алар телеканалдын деректири Э. Каимов жана анын эки орун басарын кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Комиссия акциянын мыйзамдуулугун териштирүү үчүн укук коргоо уюмдарына кайрылууну чечти. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү жана облбийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартов билдирди. ЖТРдин профсоюз уюмунун төрагасы Арстан Якубов 7-майда башталган акцияга бүгүн 27 адам катышканын жана алар комиссия менен тил табыша албай акцияны уланта беришээрин маалымдады. (YA)

XS
SM
MD
LG