Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Исландияда сапырылган күл Испания, Португалияда аэропортторду жаптырды


Испания жана Португалия Исландиядагы жанар тоодон сапырылган күлдөн улам айрым аэропортторун убактылуу жапты. Ишемби күнү Испаниянын түндүгүндө 15 аэропорт жабылса, Португалиянын шаарларынан 104 рейс учкан жок.


Атлантика деңизинин үстүнөн булуттай көчүп жүргөн күлдү айланып өтүү үчүн учактар эки саат узак учууга жана кошумча отун сарптоого мажбур болушууда. Жума күнү Исландия бийликтери муз каптаган жанар тоо кайрадан күл бүркө баштаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG