Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Таиланддын премьер-министри кайрадан оппозициягы кайрылды


Таиланддын премьер-министри Абхисит Ветчачива өлкө оппозициясына кайрылып, өлкөдө саясий стабилдүүлүктү орнотуу планын ишке ашыруу үчүн дүйшөмбүгө күнгө чейин өкмөткө каршы митингдерди токтотууга чакырды.

Буга чейин оппозиция бийлик менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген болчу. Оппозиция ошондой эле премьердин парламенттик шайлоолорду 14-ноябрда өткөрүү жана калкты социалдык жактан колдоо демилгесин колдогон эле.

Оппозициянын митинги Таиланддын борборунда эки айдан бери уланууда. Полиция менен кагылыштарда ондогон адамдар өлүп, миңге жакынын жаракат алган.

XS
SM
MD
LG