Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:45

Москвада Улуу Жеңиштин 65 жылдыгы белгиленүүдө


Орусия бийлиги гитлерлик Германияны жеңген күндүн 65 жылдыгына ири даярдыктарды көрүп, бир катар чет мамлекеттердин жетекчилерин Москванын Кызыл аятында өтүүчү парадга күбө болууга чакырган. Ушул тапта Москва шаарында өтүп аткан ири аскердик парадга Орусия президенти Дмитрий Медведев, премьер-министр Владимир Путин жана башка өлкө башчылары катышууда. Чет элдик жогорку даражадагы коноктордон 25 мурдагы жана учурдагы өлкө башчылары катышууда. Алардын арасында Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн жетекчиси Роза Отунбаева да бар.

XS
SM
MD
LG