Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Нарын шаарында да Жеңиш майрамы белгиленди


9-майда Улуу Жеңиш күнү «Тянь-Шань» паркында куран окутуу, минуталык эскерүү менен башталды. Аземдин ачкан Нарын шаарынын мэри Алмаз Кулматовдун айтымында, аталган парктагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго тургузулган эстелик алгачкы ирет жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150 миң сомго толугу менен жаңыланды. Нарын шаарынын, Нарын районунун 80ге чукул согуштун, ооруктун жана эмгектин ардагерлерин 300 чакты «жаш жоокерлер», аскер кийимчен окуучу балдар тосуп алышты. Өчпөс от жанында ардагерлер куттуктоо сөзүн угушуп, айрымдары эгемен мамлекетибизге тынчтык каалашты. Аягында ардагерлерге сый тамак уюштурулуп, шаардык мэрия ар бирине беш жүз сомдон акчалай сыйлык берсе, ушундай эле өлчөмдөгү акчалар менен согуштун катышуучуларын “Ак шумкар” партиясы да сыйлады.

Буга чейин шаардык мэриянын демилгеси менен 9-майда Нарын шаарында аскер парады болуп, ага атчандар да тартылмак эле, бирок апрель окуясынын курмандыктарынын кыркы чыга электигине байланыштуу болбой калды.(JI)

XS
SM
MD
LG