Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Орус президенти Д.Медведев кыргызстандыктарды куттуктады


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев гитлердик Германиянын үстүнөн болгон Улуу Жеңиштин 65 жылдыгы менен кыргызстандыктарды куттуктады.

“Биздин элдердин биримдиги жана тилектештиги гитлердик баскынчыларды талкалай алды. Жеңүүчүлөрдүн данкын сактоо жана биздин жалпы тарыхыбызды кайрадан жазууну көздөгөндөргө каршы туруу жалпыбыздын милдетибиз”, - дейт Д.Медведев.

Ошондой эле ал ушул жыл Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде “согуштун ардагерлеринин жылы” деп жарыяланганын, ал “Биз бирдикте жеңдик!” деген ураан алдында өтөрүн баса белгилеп, кыргызстандык согуштун жана тылдын ардагерлерине жылуу тилектерин айтты. (IJz)

XS
SM
MD
LG