Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:36

Иранда журналист жана студент соттолду


Ирандын соту былтыркы талаштуу президенттик шайлоодон кийинки тополоңдо кармалган студентти жана журналистти эркинен ажыратты. ISNA жаңылыктар агенттигинин маалымдашынча, журналист Генгамиш Шахидини сот өкмөткө каршы элди ташбыйкаттады жана өлкө коопсуздугуна коркунуч жаратты деп таап, алты жылга кести.

Реформачыл Advarnews сайты бийликти демократиялаштырууга чакырган студенттик кыймылдын мүчөсү Абдулла Момуни 4 жыл 11 айга кесилгенин кабарлады. Иранда 2009-жылы президент Махмуд Ахмадинежад кайра шайлангандан кийинки элдик толкундоолор кезинде миңдеген адамдар камакка алынган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG