Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Роза Отунбаева Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүздү


Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева Москвада бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушуп, жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Роза Отунбаева чет өлкөгө жасаган алгачкы расмий иш сапарында Орусия Федерациясынын президенти Дмитрий Медведов, өкмөт башчысы Владимир Путин, Мамлекеттик Дума жетекчиси Борис Грызлов, Федерация кеңешинин жетекчиси Сергей Миронов менен расмий сүйлөшүүлөр болду. “Бул сүйлөшүүлөрдө Орусия жетекчилиги, бардык бийлик бутактары Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн аракеттерин толук колдоорун көрсөттү десек болот”,-дейт Байсалов.

Ал ошондой эле Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева Германиянын канцлери Ангела Меркель, Кытай Эл Республикасынын жетекчиси Ху Цзинтао, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Азербайжандын лидери Илхом Алиев жана Монголиянын презденти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн белгиледи.

Убактылуу өкмөт төрайымы баштаган Кыргызстандын делегациясы Москвадан бүгүн таңга маал кайтып келишти. (AJ)

XS
SM
MD
LG