Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:21

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн саммитине катышкан жок


Кыргызстан 8-майда Москва шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн жана Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) бейрасмий саммитине катышкан жок. Бул тууралуу Орусиянын президентинин жардамчысы Сергей Приходько айткандыгын CA-NEWS маалымат агенттиги жазып чыкты. Ал Кыргызстанда конституциялык органдар түзүлө электигин, Убактылуу өкмөт саммитке катышуу тууралуу маселе койбогонун белгилеген.

Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эдил Байсалов ЖККУ жыйынына Кыргызстандан өкүл катышкандыгын “Азаттыкка” бүгүн билдирди. “Өчпөс отко гүл коюу аземине деле Роза Отунбаева катышкан жок. Анткени ал жакка мамлекет башчысы эмес, Убактылуу өкмөт жетекчиси катары барып жатат. ЖККУ жыйынында деле протоколдук жагы болбосо, биз катыштык”, - дейт ал.

Р.Отунбаева Москвага иш сапары учурунда Орусия президенти Дмитрий Медведев жана башка мамлекет жетекчилери менен жолугуп, расмий сүйлөшүүлөр болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG