Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Алайда эл менен жолукту


Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү, коргоо министринин милдетин аткарып жаткан Исмаил Исаков, утурумдук бийликтин сот, прокуратура жагын тейлеген Азимбек Бекназаров, эмгек, жумуштуулук жана миграция министринин милдетин аткаруучу Бөдөш Мамырова жана Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бүгүн Гүлчөдө Алай районунун эли менен жолугушту. Жолугушууда А.Бекназаров азыркы кырдаал боюнча маалымат берип, дагы деле стабилдүүлүктү бузганга аракет кылган топтор бар экенин айтып, элден ар кандай чагымчылдык иштерге барбоону өтүндү. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы билдирди. Жолугушууга 500дөй адам катышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG