Бул тууралуу кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” кабарлады. Ал алдыдагы референдум, шайлоолорду дүйнөгө уят болбогондой кылып өткөрүүгө чакырык таштаган, ар кандай чагымчыл митингдерге катышпоого үндөгөн баракчалар таркатыларын кошумчалады. “Коомчулукта 17-майда контрреволюциялык митинг болот деген сөздөр тарап жатат. Ошондуктан элди тынчтыкка чакырып жатабыз”, - деди кыймылдын жетекчиси. Баракчалар эртең, 11-майда эл көп жерлерде, базарларда таратылат. (КЕ)