Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Экономиканы өнүктүрүү боюнча конституциялык орган керек


Юристтер, экономисттер тобуна сунуш


Талкууга коюлуп жаткан Конституциянын долбоорунда жакшыбы, жаманбы укук, бийликти бөлүштүрүү боюнча бардык аспектилер эске алынган. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй күчтүү экономикасыз башкаруунун бир да түрү өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө кепилдик бере албайт.

Мына ушуга байланыштуу өзүнчө Конституциялык органды уюштурууну, Конституциянын долбоорунун алтынчы главасына алтынчы бөлүктү түзүүнү сунуш кылам. Баш мыйзамдын түп нускасын орусча жазылгандыктан ошол тилде берейин. “Статья 94 Национальный орган экономического развития (экономический совет) Кыргызской Республики осуществляет проведение анализа мировой экономики, экономики страны и ее отдельных отраслей, проводит консультации с экспертами, в том числе и с внешними, организует исследования по перспективным направлениям, разрабатывает идеи, по наиболее выгодным проектам и вносит их на рассмотрение Правительства.
Национальный орган экономического развития (экономический совет) может назначить одного из своих членов для изложения Парламенту мнения Совета по представленным ему проектам или предложениям.

Правительство может также обращаться в Национальный орган экономического развития (экономический совет) по любой проблеме экономического характера. На заключение Совета представляется каждый план и программный законопроект экономического характера.
Состав, порядок организации и деятельности Национального органа экономического развития (экономического совета) определяется законом.

Сунушталган конституциялык органда 30дай сабаттуу, билимдүү, максатка умтулган, патриот кадрлар, бир сөз менен айтканда өлкөнү экономикалык өнүктүрүү боюнча акыл уюткусу топтолот, алардын айлык акылары жакшы болууга тийиш, бирге иш алып баруу үчүн чет өлкөлүк кадыр-барктуу экономисттерди тартуу керек, алар менен бирдикте биздин экономиканын, анын тармактарынын региондорунун абалына талдоо жүргүзүлөт, өлкөнү өнүктүрүүнүн кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү болжолдоолору түзүлүп, анын негизинде конкреттүү идеяларды, жаратылыш ресурстарын, акча каражаттарын натыйжалуу пайдалануу боюнча, айыл чарбасын, мал чарбасын, өнөр жайын, жалпысынан экономиканы ийгиликтүү жүргүзүү боюнча долбоорлорду берет. Биздин экономиканы дүйнөлүк экономикага интеграциялоо максатын да кошуна мамлекеттердин, дүйнөлүк державалардын экономикаларынын өнүгүшүн талдоону жүргүзөт.

Бул орган кыйчалыш учурларда туура чечимди кабыл алууга жөндөмдүү болот, экономиканын мамлекеттик түзүмдөрүнүн иштеринин ачык-айкын, ийкемдүү, жогорку кирешелүү, атаандаштыкка жөндөмдүү болуусуна, жыйынтыгында экономиканын көтөрүлүүсүнө, өлкөнү декларативдүү гана эмес, нагыз көз карандысыз болушуна мүмкүнчүлүк түзөт.

Бул конституциялык орган негизине изилдөөчүлүк, кеңеш берүүчүлүк, маалыматтык-аналитикалык иш алып барат, ал аткаруучулук – буйрук берүүчүлүк же көзөмөлдөө-текшерүү функцияларына ээ болбойт, бюджеттик каражаттарды тикелей контролдоого жана пайдаланууга, өнөр жай, айыл чарбасы ж.б. тармактарды башкарууга мүмкүнчүлүктөрү болбойт, ошол эле учурда ал экономика системасындагы эл аралык деңгээлдеги менеджерлер, окумуштуу-экономисттер, юристтер ж.б. ар түрдүү тармактардын жогорку квалификациялуу кадрлары топтолгон, интеллектуалдык продуктыларды ойлоп таап турган орган болуп эсептелет.

Ошол эле учурда өлкөнүн бюджети үчүн максималдуу пайда алуу үчүн менеджментти өнүктүрүү максатында өлкөнүн экономикасына тынымсыз мониторинг жүргүзгөн орган болуп эсептелүү менен түрдүү рангдагы мамлекеттик кызматкерлерге карата мамиле боюнча коррупцияга каршы мүнөздөгү токтоткуч фактор да болот, экономика тармагынын мамлекеттик түзүмдөрүнүн ишине ачык-айкындык берет, чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга ыңгайлуу шарт түзөт. Ошону менен бирге бул орган тарабынан иштелип чыккан идеялар өкмөттө каралуу үчүн милдеттүү, ошого байланыштуу бул орган конституциялык органдын статусун алууга тийиш.

Албетте менин бул чечимиме каршы чыккандар болбой койбойт. Алар мен сунуштаган орган өзүнүн маңызы жана статусу боюнча конституциялык боло албайт, ал кайсы бир институт боло алат, мындай органды кийирүү негизги мыйзам - Конституциянын статусун төмөндөтөт-деп айтары бышык.

Бирок биз реалист болушубуз керек, экономикалык күчтүү, амбициялуу, болгондо да эл аралык деңгээлдеги менеджерлер азыркы учурдагы өкмөттүк структуралардын айлык акылары менен иштөөгө келишпейт.

Анда ар түркүн бюрократиялык тоскоолдуктар болгон үчүн кандай гана жакшы идея болбосун аны жүзөгө ашырууга убакыт да каражат болбойт, бардык жумуш убактысы ар кандай справкаларды, отчетторду жазууга кетет. Ал эми туура кабыл алынган чечимдин негизинде илимий негиздүүлүк, компотенттүүлүк, кечиктирилбегендик жатат эмеспи.

Мунун баарына көпчүлүк учурда тыкыр талдоосуз кабыл алынган субъективдүү чечимдер буга карама-каршы турат. Талкууга коюлган Конституциясы долбооруна ар түрдүү толуктоолор сунушталууда, анын ичинде бийликти контролдоо системасынын бир бөлүгү катары Элдик Курултайды түзүү да бар.

Минтип дагы бир көзөмөлдөөчү органды түзгөндөн көрө өлкөнүн акылгөйлөрүн чогултуп, аларга жардамга эл аралык адистерди чакырып берип, өзүнчө бир акыл уюткусун түзүп, алардын потенциалын, жаратман эмгегин экономиканы көтөрүүгө багытталсак, ал алда канча алгылыктуу болбойт беле.

Урматтоо менен Канатбек Ашырбаев, Бишкек шаары
XS
SM
MD
LG