Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

Ө.Текебаев: Президент абсолюттук иммунитеттен ажырайт


Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев кеңешменин бүгүнкү жыйынында кабарлады. Ал болочок президенттин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалгандыгы боюнча шек туулса аны кылмыш ишине тартууга мүмкүн экенин белгиледи. “Президенттин күнөөсү бар же жогун Жогорку Кеңеш кабыл алат. Эгер президенттин күнөөсү аныкталса анын иши тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет. Мамлекет башчы кызматын таштагандан кийин кылмыш ишине тартылат”, - деди Ө.Текебаев. Жаңы Конституцияга ылайык, президенттин үй-бүлөсү мамлекеттик каржылоодон толугу менен чыгат.
Конституциялык кеңешменин бүгүнкү кеңейтилген жыйынында мамлекеттик түзүлүш, президент, парламент жана аткаруу бийлигинин укуктарына тиешелүү жоболор каралды. Жыйын эртең да уланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG