Иран өкмөтү Ирактын чек арасында былтыр июлда кармалып, азыр Тегеранда абакта отурган америкалык үч жарандын энелери балдары менен көрүшө алат деп билдирди. Тышкы иштер министри Манучер Мотаккинин сөзүнчө, Иран өкмөтү өз элчилигине алардын энелерине виза берилсин деген буйрук берген. Иран бийликтери америкалык үч жаранды (Shane Bauer, Sarah Shourd, Josh Fattal) чек араны мыйзамсыз өттү, АКШнын чалгындоо кызматы менен байланышта деп айыптоодо. Алардын ата-энелеринин ырасташынча, жаш үч улан-кыз Иракта кыдырып жүрүп, байкабай Иран тарапка өтүп кетишкен.