Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Кыргыз-казак чек арасы ачылган жок


Кыргыз-казак чек арасы 11-майда ачылаарын Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Темир Сариев өткөн жумада жарыялаган эле. Бирок бүгүнкү күндө чек арадагы чектөөлор ошол бойдон калып жатканын Кыргызстандын чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттыкка” кабарлады. Ал 9-майда Казакстандын чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары менен сүйлөшүп, анда казак тарап чек араны ачуу боюнча жогору жактан буйрук болбогонун айтканын кошумчалады. Маалыматка караганда, Убактылуу өкмөт бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү улантууда.

Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасы да жабык бойдон турат. Бул эки өлкө Кыргызстан менен болгон чек арасын 7-апрелдеги окуядан кийин жапкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG