Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:37

Жумушчулар тынч митингге чогулушту


Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин алдына 7-апрелден соң ишканалары токтоп калган ишкерлер, анда иштеген жумушчулар болуп 500дөй адам чогулду. Алар апрелден кийинки ар кандай текшерүүлөр иштөөгө жолтоо болуп жатканын айтышууда. Нааразылыкка чыккандар колдоруна “Куугунтук токтотулсун!”, “Биздин балдарыбызды ким багат?”, “Өлкөгө тынчтык керек” деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп алган. Чогулгандар 20-майга чейин ушул маселени чечип берүүсүн Убактылуу өкмөттөн суранып жатышат. Белгиленген убакка чейин талаптары аткарылбаса башка акцияларга өтө тургандарын белгилешүүдө.

Мындан сырткары Сокулук районунун акимчилигинин алдына ушундай эле талаптар менен 500дөй адам чогулган. Аларга райондун акими чыгып, талаптарды Убактылуу өкмөткө жеткирүүгө аракет кылаарын билдирди. Чогулгандар жумуштарына тарап кетишти. Бул тууралуу жумушчулардын бири “Азаттыкка” кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG