Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Дастан Сарыгулов Убактылуу өкмөттү сотко берүүгө ниеттенүүдө


Мурдагы мамлекеттик катчы, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов учурда талкууга алынып жаткан жаңы Баш мыйзам кыргыз элинин бүгүнкү мүдөө-талабына, тилек-максатына жооп бербейт, деген билдирүүсүн бүгүн маалымат каражаттарына таратты. Анда Баш мыйзамдын түп нускасы орус тилинде жазылып, кыргыз элине көчүрмөсү сунушталганы - кыргыз элин, кыргыз тилин, тарыхын, наркын, салтын жана рухий дөөлөтүн сыйлабагандык деп жазылып, эл өлкө башкаруудан мурдагыдай эле четтетилген бойдон калып жатканы айтылат.

Мындан сырткары Конституцияга премьер-министр кызматын жоюп, аткаруу бийликти президент өзү жетектеп, өлкө абалына жеке жоопкерчиликти толук өзүнө алыш керектиги белгиленген. Ошондой эле Жогорку Кеңеш президентке импичмент көрсөтүү укугунан ажыратылып президент да, Жогорку Кеңеш да Элдик курултайга жооптуу болгондо гана бийлик талашуу токтойт деп айтылат. Д.Сарыгулов бул талаптар аткарылбаса Убактылуу өкмөттү сотко бере турганын “Азаттыкка” кабарлады.

Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары, Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев бүгүн маалымат жыйында көпчүлүк Убактылуу бийликтин долбоорун колдоп жатканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG