Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн сот, прокуратура тармагын тейлеген орун басары Азимбек Бекназаров бүгүн Ошто эл менен жолугушуу учурунда билдирди. Ал учурда талкууланып жаткан жаңы Конституцияга каршы экенин, референдумга ондогон долбоор коюлушу керектигин белгилеген. Ошондой талкууланып жаткан Конституция Кыргызстанды парламенттик диктатурага алып барарын айткан.
Ошол эле жолугушууда Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева президенттик башкаруунун жыйынтыгы эки бийлик тушунда белгилүү болгонун, Кыргызстанга топтошкон парламенттик бийлик керектигин айткан. (КЕ)