Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:48

7-апрелде окко учкандардын жакындары үчүн үй курулат

Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, эртең Апрель ыңкылабынын курмандыктарынын кыркылыгына арналган бир катар иш чараларды өткөрүү белгиленүүдө. Алгач Ата-Бейит көрүстөнүнө гүл коюлуп, андан кийин Жал кичи районунда маркумдардын жакындары үчүн салынчу үйдүн жер пайын түптөө иш-чарасы өтөт. Ушул эле жерде Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жараат алгандар жана курман болгондордун туугандары менен жолугушат. Ушул эле күнү Мамлекеттик тарых музейинде 6-7-апрелдеги ыңкылап окуяларды чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. (КЕ)
XS
SM
MD
LG