Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Р. Дырылдаев: ЖККУнун лидерлери тоталитардык режимди колдошот


ЖККУнун лидерлери бийликти тоталитардык режим аркылуу кармап турушат. Бул тууралуу Кыргызстандын адам укуктары комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев Жамааттык коопсуздук жана кызматташык уюмунун лидерлерине жооп катта билдирди. Ал аталган уюмдун лидерлери шайлоону бурмалап, массалык маалымат каражаттарынын артынан түшүп, өздөрүнүн саясатына макул болбогондорду түрмөгө камоо жолу менен бийлигин кармап турганын белгилеген. Рамазан Дырылдаев Кыргызстан оор кырдаалды башынан кечирип, чек аралары жабылып, экономикалык тоскоолдуктар болуп жатканына карабай бул маселелер чечилерин, өлкөдө демократия орноорунан үмүт кыларын, кыргыз эли ким дос, ким душман экендигин айырмалашы керектигин айткан.

“Интерфакс” агенттигинин маалыматына караганда 8-майда ЖККУга мүчө мамлекеттин лидерлери Москвадагы бейрасмий саммитте 7-апрелде Кыргызстанда бийлик Конституциялык эмес жол менен алмаштырылганына, саясий-экономикалык кырдаалга тынчсыздануусун билдиришкен. (AJ)

XS
SM
MD
LG