Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Британияда 70 жылдан берки алгачкы коалициялык өкмөт түзүлдү


Консерваторлор либерал-демократтар менен коалициялык өкмөттү түзүү боюнча мунаса табышканы тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришти. Келишимге ылайык, либерал-демократтардын лидери Ник Клегг вице-премьер-министр болуп дайындалат. Анын партиясы өкмөттө дагы бир топ министрликтерди башкараары айтылды.

Андан мурдараак премьер-министр Гордон Браун кызматынан кетип, анын оордуна өлкөнүн жаңы өкмөт-башчысы катары консерваторлордун лидери Дэвид Камерон дайындалган. Ал өкмөттү кураш үчүн либерал-демократтар менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG