Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

И. Масалиев Башкы прокуратуранын көрсөтмөсү менен кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Коммунисттер партиясынын өкүлү Бүмайрам Мамасеитова билдирди. Анын айтымында, аталган партиянын төрагасы Исхак Масалиев бүгүн эртең мененки саат алтыда Москвадан учуп келгенде Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалды. Азыр УКМКнын жанында Коммунисттер партиясынын он чакты өкүлдөрү И. Масалиевдин бошотулушун талап кылып турушат. Аларга УКМКнын бир өкүлү чыгып И. Масалиев Башкы прокуратуранын көрсөтмөсү апрель окуясына байланыштуу көрсөтмө берүү үчүн кармалганын билдирди. Азыр Башкы прокуратурадан тергөөчү келе электигине байланыштуу И. Масалиев качан бошотулары белгисиз экенин айтты. Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Улан Дыйканбаев “Азаттыкка” азыр бул окуя такталып жатканын, аздан соң маалымат берилерин билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG