Азыр Жогорку Кеңештин алдына “Жаштегин” жаштар уюмунун эки миңден ашык өкүлү чогулуп, мурунку президент Курманбек Бакиевдин кармала электигине, чек аралардын ачылбай жатышына жана күйүүчү майлардын кымбаттап кеткенине байланыштуу нааразылык акция өткөрүп жатышат. Алар бул маселелерди тез арада чечүүнү Убактылуу өкмөттөн талап кылышууда. Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Фарид Ниязов "Азаттыкка" акция тынч өтүп жатканын айтты. Убактылуу өкмөт башчы Роза Отунбаева азыр башка жерге жүрөт, келсе өзүнүн пикирин айтат, деп билдирди. (EBM)