Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Фарид Ниязов “Азаттыкка” аталган өкмөттүн башчыларынын эсебине мурунку президент Курманбек Бакиевдин туугандарын өлкөдөн чыгарууга көмөктөшкөнү үчүн чоң көлөмдөгү каражат түштү деген маалыматты жокко чыгарды. Мындан мурдарак айрым маалымат каражаттарында убактылуу өкмөт башчы Роза Отунбаева менен анын орун басары Алмазбек Атамбаевдин банктагы эсептерине 200 жана 150 миң доллар келип түшкөнү тууралуу маалымат чыккан. Мындай маалыматты белгисиз бирөөлөр кат аркылуу жөнөткөн. (EBM)