Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

ЖКнын жанына чогулгандар кызмат бөлүштүрүүнү токтотууну талап кылышууда


Азыр Жогорку Кеңештин жанындагы нааразылык акцияга үч миңдей адам катышууда. Алар убактылуу өкмөттү кызмат талашып жатат, деп сынга алышууда. Чогулгандар мурунку президент Курманбек Бакиевдин тез арада камалышын, чек аралардын ачылышын талап кылышууда. Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева чогулгандарды алардын арасында чагымчылар жүргөнүн, ошондуктан ачууга алдырбай убактылуу өкмөт менен сүйлөшүү үчүн өкүлдөрдү шайлоого үндөдү. Бирок митингчилердин көпчүлүгү Т. Үмөталиеваны сүйлөтпөй коюшту. Мындан мурдарак акцияга чыккандар Жогорку Кеңешке кирип барышыптыр деген маалымат тастыкталган жок. Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Фарид Ниязов “Азаттыкка” убактылуу өкмөт башчы Роза Отунбаева азыр ордунда жок, бул тууралуу пикирин аздан соң айтат, деп билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG