Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов “Азаттыкка” убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү качып кетишти деген маалымат жалган экенин айтты. Азыр ар кандай чагымчыл топтор өлкөдөгү кырдаалга бүлүк салгысы келип жатканын, бирок мындай максат ишке ашпай турганын баса белгиледи. Учурда Жогорку Кеңештин имаратын ичинен “Мекен үчүн” деп аталган кыймылдын эки жүзгө жакын мүчөсү кайтарып турат. Эгер парламенттин имаратын басып алышса деле бул убактылуу өкмөт кулады дегенди билдирбейт, азыркы бийликти элдин калың катмары колдойт, дейт Э. Байсалов. (EBM)