Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

“Мекен шейиттери” кыймылы Беларус элчилигинин жанында пикетке чыгат


Бүгүн алар Беларус бийлигинен Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтарып берүү талабын коюшат. Бул тууралуу аталган кыймылдын лидери Арыстан Сагындыков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Мекен шейиттери” кыймылы кандайдыр бир саясий топторду жана бирөөнүн кызыкчылыгын коргобойт.

“Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева сыналгы аркылуу эски аянттагы митингге мурдагы мэр Нариман Түлеевди колдоп “Мекен шейиттери” кыймылы да чыкты деген маалымат чындыкка коошпойт жана балдарыбыздын кыркылыгы өтө электе бизди ар кандай саясий оюндарга аралаштырууга жол бербейбиз”,-деди Арыстан Сагындыков.

Токтайым Үмөталиева болсо Улуттук каналда азыркы кырдаал боюнча көз карашын айтып, бирок “Мекен шейиттери” кыймылы тууралуу эч нерсе дебегенин “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG