Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Бишкекте Ак үйдүн жанындагы үч боз үй алынды


Апрел ыңкылабында каза болгон балдардын кыркылыгы өткөрүлгөндөн кийин Биринчи май райондук администрациясы өкмөт үйүнүн алдын иретке келтирүү иштерин колго алды. Ал эми Жогорку Кеңештин алдында чогулган эл жок. Аянт тынч деп билдирди “Азаттыктын” кабарчысы Гүлайым Ашакеева. Кечээ эски аянтта мурдагы мэр Нариман Түлеевдин тарапкерлери жана "Кыргызстан патриоттору" кыймылы митинг өткөрүп, Убактылуу өкмөттүн иштерин сынга алып, К.Бакиевди кармап келүү, Нариман Түлеевди кайрадан Бишкек шаар башчылыгына коюу талабын коюшкан болчу.(AJ)

XS
SM
MD
LG