Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” референдумда Конституциянын бир нече долбоорлору койулушу керектигин, мындай сунуш менен убактылуу өкмөткө кайрылганы жатканын билдирди. Анын айтымында, азыр убактылуу өкмөттүн дагы бир орун басары Өмүрбек Текебаев башында турган жумушчу топтун долбоору мурунку президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин тушундагы Баш мыйзамдарды эле бир аз оңдоп түзөп койгондой болуп турат. Анткени мурда ал Конституцияларда бир адамдын үстөмдүгүнө жол берилсе, азыр бир партиянын үстөмдүгүнүн орношуна шарт түзүлүүдө. А. Бекназаров 1993-жылдагы Конституцияны алып чыгып, аны да элдин тандоосуна коюш керек, дейт. Ө. Текебаев башында турган жумушчу топтун Баш мыйзамынын долбоору 26-апрелде коомчулуктун талкуусуна койулган. Жетимиш беш адамдан турган Конституциялык кеңешме азыр долбоорду талкуулап аягына чыгып калышты. Баш мыйзамдын соңку варианты алымча-кошумчалары менен 19-майда жарыяланат. (EBM)