Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

УКМК: М. Бакиев убактылуу өкмөт жетекчилерине чагым уюштурду


Улуттук коопсуздук кызматы убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева менен анын орун басары Алмазбек Атамбаевдин чет өлкөдөгү банктагы эсебине чоң суммадагы акча түштү деген маалыматты жокко чыгарган билдирүү таратты. Анда бул чагымды мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев эл аралык мафиядагы байланыштарын колдонуп, убактылуу өкмөт мүчөлөрүн каралоо үчүн жасаган деп айтылат. Кечээ айрым маалымат каражаттары К. Бакиевдин үй-бүлөсүнүн, жакындарынын качып кетишине жардам берген үчүн Р. Отунбаеванын банктагы эсебине 200 миң доллар, ал эми А. Атамбаевдин эсебине 150 миң доллар түштү деген маалыматты жазып чыгышкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG