Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Кыргызстандын эстеликтери кыйын абалда


Оштогу Сулайман Тоо тарыхый коругу
Оштогу Сулайман Тоо тарыхый коругу

“Дордой” ассоциациясына Бишкектеги Кычан Жакыпов атындагы балдардын гүлбагынын 5 гектары берүү жөнүндө мурдагы өкмөттүн токтомун жараксыз кылуу тууралуу Убактылуу өкмөттүн Декрети даярдалууда.

Кыргызстанда болжол менен беш миңден ашуун тарыхый-маданий эстелик болсо, анын 583 гана расмий каттоого алынган. Мына ушул баалуу эстеликтердин дээрлик көбү талкаланып бузулуп кетти же бузулууда. Андыктан “Бишкекреставрация” мамлекеттик жетекчилиги өткөн жылы тарыхый эстеликтердин учурдагы бузулуп бараткан көрүнүшүн сүрөткө алып, атайын көргөзмө уюштурмак болгон.

Бирок “Бишкекреставрация” жетекчилигинин директору Жумамедел Иманкуловдун айтымында мурдагы бийлик көргөзмөнүн өтүшүнө тыюу салган:

- Ооба, мен Маданият министрлигиндеги чиновниктерге кайрылсам, антип көргөзмө ачсак, биз өкмөттүн, “тигилердин” жинине тийип алабыз деп болбой коюшкан.

Атайын токтом менен быйыл байыркы Баласагын шаарынын жана улуу аалым Жусуп Баласагындын 1000 жылдыктары белгиленмек. Өлкөдөгү саясий абалдан мындай маданий иш-чаралар токтоп турат. Бирок кечээ жакында Ала-Букада Шах-Фазиль тарыхый эстелигинин музей коругу жергиликтүү ишкердин демилгеси менен ачылды.

“Бишкекреставрациянын” демилгеси менен башталган бузулуп бараткан тарыхый эстеликтерди сүрөткө алуу аракеттери жайында студенттердин катышуусунда уланат. Жумамедел Иманкуловдун айтымында Кыргызстандагы тарыхый-маданий баалуу эстеликтер такыр каралбай калды:

- Канча жылдардан бери бул баалуу эстеликтерди инвентаризациялоого, паспортизациялоого, оңдоп-түзөөгө эч кандай көңүл бурулбай келатат. .

Оштогу Сулайман Тоо тарыхый эстелиги 2009-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк баалуу эстеликтеринин тизмегине алынган болчу. Бирок бул чоң уюмдун мындай баалуу эстеликти жыл сайын оңдоп-түзөп, жаңылап турууга мамлекетти милдеттендирген талаптары бар. Эгер бул талаптар аткарылбаса, Сулайман тоонун ЮНЕСКОнун тизмесинен алынып салынышы да мүмкүн:

- Мына Сулайман тоо тизмеге алынгандан бери бир жыл убакыт болду, эч кандай иш аткарылган жок. Мындай мамиле улана берсе, ЮНЕСКО тизмеден алып салышы толук мүмкүн.

Бишкектеги Кычан Жакыпов атындагы балдардын гүлбагы да тарыхый эстеликтердин катарына кирет. Бирок бул гүлбактын 2 гектары Жумамедел Иманкуловдун айтымында 2004-жылы “Дордой” ассоциациясына 49 жылга бекер берилип кеткен. Мыйзам боюнча балдардын эс алуу жайларын башка уюмдарга берип жиберүүгө мыйзам жол бербейт. Ал эми 2010-жылдын март айында Кычан Жакыпов атындагы гүлбактын дагы 5 гектарын “Дордойго” берүү боюнча мурдагы өкмөттүн токтому чыккан.

7-апрелдеги окуялардан кийин өлкө башына келген Убактылуу өкмөткө “Бишкекреставрация” жетекчилиги бул токтомду жокко чыгаруу боюнча кайрылуу жолдогон. Биз бул маселе менен Маданият агенттигинин директорунун жардамчысы Алмамбет Исмаиловго кайрылганыбызда, жакында бул токтомдун жараксыздыгын жарыялаган декрет чыгаарын кабарлады:

- Убактылуу өкмөт бул маселени карап чыгып, токтомду жараксыз кылуу жөнүндө декрет даярдап жатат. Бул жер балдардын гүлбагы катары калат.

“Бишкекреставрация” мамлекеттик жетекчилигинин директору Жумамедел Иманкулов учурда дагы бир мурдагы Бишкек мэри Нариман Түлеев тарабынан эстелик катары тизмеден чийилген Бишкектеги борбордук универсалдык дүкөндүн жанындагы чакан гүлбактын кайрадан мыйзамдаштырылышы боюнча документ даярдап жатат:

- ЦУМдун жанында эл эс ала турган фонтан орнотулган чакан сейилбак бар. Ошол сейилбакты мурдагы мэр Нариман Түлеев тизмеден алдырып, ордуна менин билишимче, бир соода имаратын курмак болушкан. Эми муну да сактап калуу боюнча документ даярдап жатам.

XS
SM
MD
LG