Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:37

Баткен облустук акимчилигине да 50 чакты адам кирип барды


Аймактагы кабарчыбыздын маалымдашынча, облустук бийликтин имаратына Кадамжай районунун мурдагы акими Асамидин Ташов баштаган 50 чакты адам кирип барды. Мындан сырткары акимчиликтин алдында дагы 100дөй адам топтолуп турат. Акимчиликке киргендер эч кандай ураан-чакырыгы жок эле, облус жетекчисин алмаштыруу максатында кирип барганы айтылууда. Аларга эч кандай каршылык көрсөтүү болгон эмес. Иш күнү бүткөнүнө байланыштуу кызматкерлердин көпчүлүгү жумуш ордунан кетип калышкан. Убактылуу өкмөт тарабынан дайындалган облус башчысынын милдетин аткаруучу Карамат Орозова каякта экени белгисиз.

Облус акимчилигине киргендер ушул мүнөттөрдө жыйындар залына чогулуп, Убактылуу өкмөттүн ишине нааразылыктарын айтышууда.

Бул арада облустук акимчиликке киргендер мурдагы президент Бакиев түптөгөн "Ак жол" партиясынын мүчөлөрү жана тарапкерлери экени белгилүү болду. Ал эми сыртта турган "Жаңы Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү "биз "акжолчуларга" кошулбайбыз, Бакиевдин саясатын беш жыл бою көргөнбүз, эми алданбайбыз", - деген таризде тарап кетишкенин "Азаттыкка" бул партиянын атын айткысы келбеген бир өкүлү билдирди. (SM)

XS
SM
MD
LG