Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Ошто Убактылуу өкмөттүн тарапкерлери чогулууда


Аймактагы кабарчыбыздын билдиргенине караганда, учурда Ош шаарындагы Кыргыз драма театрынын жанына Убактылуу өкмөттүн тарапкерлери чогулууда. Болжол менен алардын саны эки миңден ашып калды. Алар дагы райондордон бир топ кишилер келе жатканын айтышып, алардын келишин күтүп турушат.

Убактылуу өкмөттүн тарапкерлери турган жерден 500 кадамдай бери, облустук акимчиликтин имаратында мурдагы президент Бакиевдин тарапкерлери делген топ турат. Бүгүн эртең менен Ош облусунун мурдагы губернатору Мамсадык Бакиров баштаган топ Ош облустук акимчилигинин имаратын ээлеп алышкан. (SM)

XS
SM
MD
LG