Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:54

Баткен облустук акимчилигине чогулгандар тарап кетишти


Облустук акимчиликтин имаратына кирип барган 50 чакты адамдан турган топ жыйындар залында чогулуп, Кадамжай районунун мурдагы акими Асамидин Ташовду губернатор деп табышкан соң, эртең кайра келээрин айтышып тарап кетишти. Бул тууралуу аймактагы кабарчыбыз билдирди. Облустук акимчиликти азыр күндөгүдөй эле күзөттө турган милиция кызматкерлери кайтарып турушат.

Бүгүн кечке жуук Асамидин Ташов баштаган "Ак жол" партиясынын мүчөлөрүнөн жана тарапкерлеринен турган топ облустук акимчиликке кирип барышкан. Анын алдында "Жаңы Кыргызстан" партиясынын жүз чакты өкүлү да митингге чыгуу үчүн облустук бийлик имаратынын алдына топтолушкан. Бирок алар "акжолчуларды" көргөндөн кийин, бул партияга ишенбестигин айтып, тарап кетишкенин "Жаңы Кыргызстандын" өкүлү Камалидин Ахмедов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, облустук акимчиликке киргендер ага губернатордун орун басарлыгын сунуштап, ал андан баш тарткан. (SM)

XS
SM
MD
LG