Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

В.Рушайло Кыргызстанга качан келери белгисиз


Бул тууралуу Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Орусия КМШнын азыркы төрагасы, ошондуктан КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Рушайло Орусия президенти Д.Медведевдин Кыргызстан менен кызматташтык боюнча өкүлү болуп дайындалды. Ошондой эле Казакстан ЕККУнун төрагасы, Казакстандын президентинин 11-майдагы буйругу менен президенттин кеңешчиси Булат Утемуратов казак президентинин Кыргызстандагы кызматташтык маселеси боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.
"Алардын Кыргызстанга качан келери белгисиз. Бирок алар Кыргызстандын ички ишине кийлигишпейт. Ошол эле маалда Кыргызстандагы акыбал тууралуу жана саясий-экеномикалык жардам боюнча сүйлөшүүлөр болушу күтүлүүдө”,-деди Р.Казакбаев. (AJ)

XS
SM
MD
LG