Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

АКШ-Орус президенттери Иранга каршы санкция жөнүндө сүйлөштү


Барак Обама менен Дмитрий Медведев телефон аркылуу сүйлөшүп, ушу тапта Иранга санкция киргизүү маселесин караган сүйлөшүүлөрдө “прогресс байкалганын” айтышкан. Алар тараптарды ыкчам аракеттерди көрүүгө чакыра турган болушту. Вашингтон жакынкы апталарда Бириккен улуттар уюмуна Иранга каршы санкциянын резолюциясын сунуш кылууну пландап жатат.

Батышта бир топ мамлекеттер “Иран атомдук бомба жасаш үчүн уран байытып жатат” деп кооптонушат. Тегеран болсо айыпты четке кагып, анын өзөктүк программасы жайчылык гана максатты көздөөрүн билдирүүдө. Соңку мезгилдерде Орусия Батыштын позициясын колдой баштаган өңдүү.

XS
SM
MD
LG