Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Ноокатта “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Ү.Сыдыков кармалды


Бул тууралуу дубандагы кабарчыбыз Алишер Токсонбаевге Убактылуу өкмөттүн аймактагы өкүлү маалымдады. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыковдун Ошто кечээ баш аламандык уюштуруу тууралуу телефондук сүйлөшүүлөрү бүгүн УТРК аркылуу уктурулган. Мунун алдында Баш прокуратура анын уулуна каршы кылмыш иш козгогонун маалымдаган. ИИМ азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.
Бүгүн (14-майда) эртең менен Улуттук биринчи канал Үсөн Сыдыковдун Оштогу митингдерге тиешеси бардыгы көрсөтүлгөн жашыруун жазылып алынган телефондук сүйлөшүүлөрдү обого чыгарган. Аудиодо Сыдыковдун бир катар таасирдүү адамдарга телефон чалып, баш аламандык уюштуруу, өкмөткө каршы митинг уюштуруу жаатында сүйлөшүүлөрү жана бир катар дайындоолорду жүргүзүү аракети камтылган.
(EK)

XS
SM
MD
LG