Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:18

Жалал-Абадда Бакиевдин жактоочулары митинг өткөрүштү


Митингге бакиевчилердин билдирүүсүндө беш, ал эми тартип коргоо органдарынын айтымында бир минден ашык адам катышты. Жалал-Абад облустук бийлик имаратынын алдындагы Эркиндик аянтына чыккан митингчилер Бакиев баштаган жетекчилердин кызмат ордуна кайтып келишин, өлкөнү башкаруу мыйзамдык жолго түшүшүн талап кылып жатышат. Митингчилерди облустун мурдагы губернатору Кошбай Масиров жана бакиевчилер тарабынан элдик губернатор катары шайланган Пайзуллобек Рахмонов жетектөөдө. Дубандагы кабарчыбыздын билдирүүсүндө, ушу тапта Убактылуу өкмөттү колдогон тарапкерлер да митингге чогулууда деген маалымат тарап жатат. (EK)

XS
SM
MD
LG